Бишкектеги №1 шаардык клиникалык оорукананын башчысы кызматынан алынды

Автор -

Ыктыярчылар тарабынан берилген гуманитардык жардамдын жоголушу боюнча чуудан улам Бишкектеги №1 шаардык клиникалык оорукананын башчысы Жусуп Бошкоев кызматынан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта, брифиг маалында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Эскерте кетсек, июль айынын башында ыктыярчылар аталган ооруканага берилген жеке коргоочу каражаттар жана беткаптар медициналык кызматкерлерге таратылып берилбегенин байкашкан. Берилген жардамдын өз дарегине жетпей калганы ыктыярчылардын президент менен жолугушуусунда да айтылган. Саламаттык сактоо министрлиги иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзгөн.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен №1 шаардык клиникалык оорукананын жетекчиси кызматтан четтетилди. Анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу дайындалды», — деп билдирди Акматова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү