Кыргыз чек арачылары өзбек түрмөсүнөн качкан 2 жаранды кармап беришти

Автор -

Кыргызстандык чек арачылар түрмөдөн качып, өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аракет жасаган эки өзбекстандыкты колго түшүрүүгө жардам беришти. Бул тууралуу 5-августта Чек ара кызматы кабарлап, аларды өзбек полициясына өткөрүп беришкенин билдирди.

Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Бел-Сөгөт жергесинде болду. Кыргызстандык чек арачылар жана Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик чек арадан мыйзам бузуп өтүүгө аракет кылган жеринен 24 жана 29 жаштагы эки өзбек жараны кармалды.

Ага чейин кыргыз тарапка Ташкент облусунун Занги-Ата районундагы абактан эки адам качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү