Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 95 миңге чамалады

Автор -

Казакстанда бир суткада 1 миң 62 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, илдетти жаңы жуктуруп алган 1 миң 62 адамдын 569у вирустун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 493ү ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон.

Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 94 миң 882ге жетти. Бул илдеттен жалпы 67 миң 31 бейтап дарыланып чыккан, ал эми 1 миң 91 адам каза болгон.