Мюнхенде учак жүргүнчүсүнүн жүгүнөн сөөк табылды

Автор -

Мюнхен аэропортунун кызматкерлери Грециядан учуп келген жүргүнчү аялдын жүгүнүн арасынан адамдын сөөгүн таап чыгышты. Бул тууралуу Германиянын полициясына шилтеме берүү менен Bild немец басылмасы жазып чыкты.

Такталган маалыматтарга караганда, 74 жаштагы аял маркум күйөөсүнүн сөөгүн Арменияга алып кетүүнү көздөгөн. Күйөөсү мындан 12 жыл мурун каза болуп, Грециянын Салоники шаарынын жанына көмүлгөн. Сөөктөр салынган жащиктин ээси менен сүйлөшүү үчүн дарыгер, прокурор жана чек арадагы көзөмөл кызматынын кызматкери чакырылган.

Пенсионер аял аларга күйөөсүнүн сөөгүн ал төрөлүп-өскөн жерге кайра көмүү үчүн алып баратканын билдирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү