Гүлчөдө батирден өрт чыгып, бир киши каза тапты

Автор -
Иллюстрация

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында батирден чыккан өрттөн бир киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарматов көчөсүндө жайгашкан үйдө өрт бүгүн, 5-августта, таңкы 6:00 чамасында чыккан. Жерине бир өрт өчүрүүчү топ жөнөтүлгөн.

Өрттүн кесепетинен батирдин аянты 25 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйгөн. Натыйжада 1977-жылы төрөлгөн киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү