Россиядан 2,5 миңге жакын кыргыз жараны Мекенге кайтып келе жатат

Автор -

Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстандын эки жарым миңге жакын жараны алынып келе жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-августта, кечке маал 1101 жаран 20 автобус менен жолго чыккан. Учурда ал Казакстандын аймагында Кыргызстанды карай келе жатышат.

Кийинки колонна, ичинде 1356 кыргыз жараны бар 23 автобус, бүгүн, 5-августта Казакстан менен Россиянын чек арасынан өтүп, учурда алар дагы Казакстан аркылуу Кыргызстанга келе жатышат.

КР ТИМ Россиянын аймагындагы КР жарандарын, Россия менен Казахстандын мамлекеттик чек арасына, чек ара ачылганга чейин барбоого чакырат.

Ошондой эле, Россия менен Казахстандын чек арасында кезектеги мекендештердин топтолуусун алдын алуу үчүн, Кыргызстанга Россиянын Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан уча турган чартердик каттамдардын санын көбөйтөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү