Бишкекте 1-класстар кандай тартипте окушары айдын ортосунда билинет

Автор -

Бишкекте 1-класстын балдарын окутуу тартиби боюнча чечим август айынын ортосунда кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди.

«1-класстардын маселеси көпчүлүктү ойлонтту. Бул боюнча ата-энелерден дагы абдан көп кайрылуу келип түштү. Аларды түшүнсө болот. Анткени балдар мектепке, окутуу процессине көнгөн эмес. Билим берүү жана илим министрлигинин алдында эксперттерден турган топ түзүлгөн. Алар 1-класстарды окутуу тартиби боюнча маселени анализ кылып жатышат. Менин оюмча, августтун ортосунда бир чечимге келишет», — деди Иманалиева.

Ал чечим толук чыкмайынча ата-энелерге балдарына мектеп формасын алып бербей кое турууну сунуштады.

Бөлүшүү