Түркия Кыргызстан менен аба каттамдарын жандантты

Автор -
223

«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы Стамбул — Бишкек — Стамбул каттамы боюнча авиарейсин жандантат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Анда айтылгандай, каттамдар жумасына эки жолу жүргүзүлүп турмакчы.

Бирок, Стамбул — Бишкек каттамы боюнча учууга Кыргызстандын жарандарына гана уруксат берилет, чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде түрк жарандарынын кирүүсүнө бир катар учурлардан тышкары, жалпысынан тыюу салынат.

Атап айтканда, өзгөчө шарттар төмөнкүлөргө тиешелүү:

  • дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
  • дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн суроо-талабы колдонулган чет мамлекеттердин жарандары (атап айтканда, W1 жана W2 визаларынын ээлери);
  • чет мамлекеттердин жарандары болуп саналган расмий делегациянын мүчөлөрү;
  • Кыргызстанда иштөө визасы бар чет өлкөлүк жарандар;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары болгон чет өлкөлүк жарандар;
  • жүк ташуучулар;
  • учкучтар жана айдоочулар.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандары өлкөгө кириши үчүн ПЦР тесттин кереги жок. Алар Түркияга келгенде, карантинге алынбайт.

Бөлүшүү