Сыймык Жапыкеев Жумалиевге 10 миң сом төлөөгө милдеттендирилди

Автор -

Бүгүн, 6-августта, Бишкектин Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбека Жумалиевдин «Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин үстүнөн берген арызы каралды.

Kaktus.media басылмасынын маалыматына караганда, сот Жумалиевдин доосун жарым-жартылай канааттардырды. Сыймык Жапыкеев 10 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Эске сала кетсек, мурдараак «Чоң Казат» кыймылынын лидерлери депутат Жумалиевди мыйзамсыз баюуга айыпташкан. Алардын билдирүүлөрүндө «Жумалиевдин үйүнө барып, байлыгын күч менен тартып алуу» чакырыктары камтылган.

Эл өкүлү милицияга арыз менен кайрылып, өзүнө жана үй-бүлөсүнө келтирилген моралдык чыгым үчүн 10 млн сом талап кылган.