Медакадемияга кошумча бюджеттик орундар бөлүндү

Автор -

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына кошумча бюджеттик орундар бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү маалымат жыйынында айтылды.

Белгилүү болгондой, мындай чечим Саламаттык сактоо системасынын айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талабын эске алуу менен кабыл алынган.

Эми окуу жай «Дарылоо иши» боюнча 210, «Медициналык – профилактикалык иш» боюнча 60 (20 орунга көбөйгөн), «Педиатрия» боюнча 40, «Медайымдык иш» боюнча 10 адамды бюджеттик негизде кабыл алат.

Ал эми Ош мамлекеттик университети үчүн 80 бюджеттик орун бөлүндү: «Дарылоо иши» — 40 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» — 20, «Педиатрия» — 15 орун.

Ординатура боюнча бюджеттик орундар:
«Эпидемиология» — 30 орун;
«Инфекциялык оорулар» — 22 орун;
«Микробиология» — 30 орун;
«Реаниматология» — 26 орун.

Ошондой эле, 2020-2021- окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.

2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү:
«Пульмонология» — 35 орун;
«Тез медициналык жардам» — 12 орун;
«Клиникалык лабораториялык диагностика» — 20 орун.