Ысык-Көлдө 18 жаштагы жаран сууга чөгүп каза тапты

Автор -
234

Ысык-Көлдө 18 жаштагы жаран сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 6-август күнү Бостери айылындагы «Золотые Пески» пансионатынын аймагында болгон. Көлгө түшүп жаткан 2002-жылкы бала сууга чөгүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.