Ош облусуна убактылуу жетекчи дайындалды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.
Өкмөттүн буга чейинки Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев 8-август күнү кызматынан өз эрки менен баш тарткан. Ал бул кадамын «мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көрүп, Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна аттанууну чечкени» менен түшүндүргөн.
Өкмөт башчы анын отставкасын кабыл алып, ордуна Байыш Юсуповду убактылуу дайындады. Буга чейин Юсупов Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматында эмгектенген.