Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
• Нарын облусунда – 1
• Ош ш. – 2
• Баткен облусунда – 4
• Жалал-Абад облусунда – 3
• Чүй облусунда – 1
Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 31 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2959 учур катталды, алардын ичинен 2178 медкызматкер айыгып чыкты.