Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы чыңдалат

Автор -

Саламаттык сактоо уюмдарын жетиштүү материалдык-техникалык база менен камсыздоо үчүн өтө зарыл керектүү болгон 8 позиция тандалып алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Тез жардам унааларынын тартыштыгы маселеси биринчи орунга коюлуп, «Коопсуз шаар» долбоорунан чогулган 145 млн сомго унаа алууга тендер жарыяланды. Андан тышкары 16-сентябрда Эл аралык долбоордун алкагында дагы 13 унаа келет.

Экинчи көйгөй- ИВЛ аппараттары. Маалыматка караганда, август ичинде Кытайдан жардам катары 10 стационардык, 60 мобилдик аппарат келет. Эл аралык долбоордун алкагында сентябрь айында өпкөнү жасалма дем алдыруучу 40 даана аппарат өлкөгө жеткирилет. Ошондой эле, аларды «Дастан» же Оштогу «Унаа курулуштан» сатып алуу жагы каралууда.

Үчүнчү көңүл бөлө турган маселе — саламаттыкты сактоо жайларын абаны зыянсыздандыруу боюнча рециркулятор менен жабдуу. Август айында долбоорлордун алкагында 73 даана рециркулятор алынып келинет. Негизи Covid долбоору боюнча  – 325 шт, АБР – 450, ИБР – 650 шт – жалпы 1498 аппаратты алып келүү пландаштырылган, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Төртүнчү — компьютердик томографтардын жетишсиздигин чечүү. Дүйнөлүк банктын процедурасы боюнча тендер өткөрүлүп, 7 аппарат алынат.

Рентген аппараты боюнча: 24-августта 7 аппарат алынып келинет. Дагы 12 даана аппаратты Корея гуманитардык жардам катары берери күтулүүдө. Долбоорлордон үнөмдөлгөн акчадан кошумча 38 аппарат сатылып алынат.

Лаборатория жабдыктары боюнча:
-10 аппарат Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат, булар имараттары менен чогуу даяр болот.
— 4 лабораториялык аппарат Эпидфонддун эсебинен каржыланат. Келишим түзүлдү, 4 аппарат сентябрда келет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү