Ошто эки адам каналдагы сууга агып кетишти

Автор -

Ош шаарында каналга 2 адам агып кетти. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган эки жаран спирт ичимдигин ичип олтурушуп, бирөө сууга түшүп кеткен. Аны куткарам деп экинчиси аракет кылганда ал дагы сууга агып кеткен.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары катталды. Маркумдардын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

Маркумдар 60 жана 61 жашта болушкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү