Акыркы 3 жумада 13 миңден ашык адам ИФА анализ тапшырды

Автор -

21-июлдан баштап 12-августка чейин бардыгы болуп өлкөдө 13 688 адам ИФА анализ тапшырган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева билдирди.

«Иммуноферменттик анализ (ИФА) М жана G иммуноглобулиндерин табууга багытталган бир ыкмасы. Анын жыйынтыгы менен адамда оору бар экендигин же ооруп бүткөндүгүн билсе болот. Бул анализди тапшырган 13 688 адамдын 48,4 пайызында иммуноглобулин М жана G оң деп табылды. Кыскача айканда, бул адамдардын арасында ооруп бүткөндөр же азыр ооруп жаткандары бар» — дейт  Динара Оторбаева.

Эгерде иммуноглобулин М тастыкталса, демек, адамда вирус бар, андыктан биринчи кезекте изоляциялануу керек. Жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылуу зарыл. Эгерде симптомдор болсо, убагында дарылануу абзел. Мурун ПЦР-анализ тапшырбаса, коронавирусту аныктоо үчун ПЦР –анализ тапшырууга болот.

«Эгерде иммуноглобулин G аныкталса, анда адам бир аз убакыт мурун ооруп бүткөн. Бул учурда бардык санитардык чараларды сактоо керек. Себеби, коронавирусту кайра жуктуруу мүмкүн эмес деп айтууга азыр эрте», — деди Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы.

Учурда бул ИФА анализи 11 жеке лабораторияда жүргүзүлөт.