Ошто дарыканада иштеген кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Автор -

Ош шаарында дарыга ууланып каза тапкан кыз боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов билдирди, деп жазат Turmush.

Анын айтымында, аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталган.

«Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек», — деген Тавакалов.

Эске сала кетсек, 11-август күнү саат 9:11 чамасында Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына К.З. аттуу кыз түшкөн. Дарыгерлердин алдын ала койгон диагнозу боюнча маркум дарыга ууланган. Ал ошол эле күнү саат 16:45те каза болгон. 

«Ооруканага эс-учун жоготкон абалда келген. Бейтаптын оорусунун таржымалы соттук-медициналык экспертизада экен. Мен кабыл алуу бөлүмүндөгү журналга жазылган маалымат боюнча эле айтып жатам. Бул бейтап эмнеден улам комага түшүп калганы белгисиз (кома неясной этиологии)», — деген облустук оорукананын башчысынын орун басары Кадырбек Бөрүбаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү