Чычкан капчыгайында май ташуучу унаадан өрт чыкты

Автор -
Иллюстрация

Чычкан капчыгайында унаанын чиркегичинен чыккан өрт ачык талаадагы чөпкө өтүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 12-августта, өрт өчүрүүчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолунун 239-чакырымында (Чычкан капчыгайы) күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын прицеп-цистернасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:19да Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Чиркегичтеги жалын ачык аянтта куураган чөпкө өтүп кеткендигине байланыштуу окуя болгон жерге кошумча 24 куткаруучу, Токой чарбачылыгынан 9 кызматкер жөнөтүлдү.

Унаалардын өтүүсү ЖКККББ тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Бөлүшүү