Түптө жол кырсыгынан бир адам каза тапты

Автор -

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди, деп жазат Super.kg

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-август күнү саат 20:40 чамасында Түп районуна караштуу Балбай айылында болгон.

«Унаада эки адам болгон. Анда айдоочу күн батыштан чыгышка карай бара жатып, бакты сүзгөн. Кырсыктан 1989-жылы туулган жаран алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө жүрүүдө», — деди басма сөз кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү