Президент жумушчу сапар менен түштүк жергесин кыдырат

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрүндө жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумушчу сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердиги  менен таанышат. Ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышат.

Мамлекет башчы Ош облусуна июнь окуясынын 20 жылдыгын утурлай, 10-июнда келип кеткен.

Өткөн аптада өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматын тапшырган. Ал кызматтан алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кеткенин билдирген. Жылкыбаевдин ордуна өкмөт өкүлүнүн милдетин аткаруучу болуп анын 1-орун басары Байыш Юсупов дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү