Ошто 8 адам күйдүргү оорусуна шектелип, ооруканага жаткырылды

Автор -
231

Ош облус аралык бириккен ооруканасына күйдүргү (сибирь жарасы) оорусуна шектелип, 8 бейтап жаткырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, бир бейтаптан күйдүргү диагнозу тастыкталды. Жаткырылгандардын баары тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат.

Эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө 25-июль күнү 9 адам бодо малды союп, этин жиликтөөгө катышканы такталды. Этти Тогуз-Булак, Талдык, Кызыл-Байрак, Беш-Мойнок айылдарында жашаган 34 үй-бүлөгө (285 киши) таратып беришкен.

Оорулуулар менен байланышта болгондор учурда оорунун алдын алуу үчүн антибиотик ичип, медициналык көзөмөлдө болушууда.