Сутка ичинде 29 медкызматкер коронавирустан айыгып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 2
• Баткен облусунда – 3
• Жалал-Абад облусунда – 2
• Ысык-Көл облусунда – 1

Ал эми бир суткада 29 медициналык кызматкер айыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2991 учур катталды, алардын ичинен 2271 медкызматкер айыгып чыкты.