Биринчи класстын окуучулары жана мугалимдер үчүн эреже иштелип чыкты

Автор -
250
@Reuters

Биринчи класстын окуучулары бет кап тагынып, аны ар бир эки саатта алмаштырып турууга милдеттендирилет. Бул туурасында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена бөлүмүнүн дарыгери Мария Кушубакова билдирди.

Өкмөт 1-сентябрдан тарта учурдагы кырдаалды эске алып кадимки тартипте биринчи класстын окуучуларын гана окутуп баштоону чечкен. Мындан улам Билим берүү министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыкты.

Талаптар жана сунуштамалар:

  • Ар бир класста окуучулардын саны азайтылышы керек, эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл.
  • Мектептердин мүдүрлөрү санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу.
  • Балдар беткап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептиктерди пайдаланышы керек, аларды ата-энеси камсыздоого тийиш.
  • Мектептер дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалышы керек.
  • Ата-энелерге балдарын өздөрү алып келип, алып кетүүсү сунушталат.
  • Аралыкты сактоо үчүн мектептерде эки чыгуу/кирүү эшиги болушу зарыл.
  • Санитардык ченемдерди жана тийиштүү шарттарды сактоо үчүн мектептерде суу менен камсыздалуу, канализация жана жылытуу сезонуна даярдыгы болушу керек. Анын айтымында, класстагы окуучулардын саны он бештен ашпашы керек.