COVID-19 илдетинен сутка ичинде бир адам каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка караганда, ал бейтап Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде коронавирустун инфекциядан кийинки пневмониядан дарыланып жаткан.
Расмий статистикага ылайык, март айынан бери коронавирус жана пневмониядан өлкөдо 1 миң 55 адам каза тапты.