Ысык-Көл облустук ооруканасына 1,5 миллион сомго жаңы ажаткана салынды. Каражатты аймакты өнүктүрүү фонду бөлүп берген.
1,5 миллион сомго септик киргизүү, ажаткананын имаратын куруу жана суу киргизүү иштери аткарылды. Ажаткана 8 кишиге эсептелген — аялдар жагында 4, эркектер жагында 4 кабина бар. Ысык суу үчүн бойлер, 3 раковина жана 2 писсуар орнотулган. Ошондой эле тегерегиндеги аймак жашылдандырылган.
Учурда ажаткана ишке берилген.