Бишкек мэриясынын Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мекеменин кызматкери А.И. коомдук тамактануу жайларын текшерүү учурунда жайкы аянтчадан эреже бузууларды аныктаган. Мэрия кызматкери тамактануу жайын түрттүрүп саларын айтып коркутуу менен анын ээси Ч.А.дан 100 миң сом талап кылган. Ошондой эле эгер туруктуу негизде акча берип турса, тамактануучу жайды өз коргоосуна аларын билдирген.
2020-жылдын 25-августунда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө
мэрия кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин «Пара талап кылуу» бөлүгү менен иш ачылып, өзү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.