Чүй облусунда учурда эки күндүзгү стационар иштеп жатат. Ал жакта ооруканага жатуу зарылдыгы жок бейтаптар тамчылатма дары, ийне сайдырганга мүмкүнчүлүк алууда, деп билдирди КР Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев.
Анын айтымында, коронавирус күч алган убакта облуста 2742 орундуу 244 күндүзгү стационар уюштурулган. Бул станционарлар биринчи күндөрү 7 миңден ашык адамды кабыл алып, жардам көрсөтүшкөн. Учурда кайрылгандардын саны азайып, орточо бир күндө 30 адам кабыл алынып жатат. Мындан улам стационарлардын көбү убактылуу жабылды.
Жалпысынан бүгүнкү күнгө 115 916 үй чарбасы каралып, 345 168 адам каралып, 8006 адам аныкталып, тиешелүү дарылоону дайындоо үчүн медициналык мекемелерге өткөрүлүп берилген.