«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШК менен соттошот

Автор -

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко арызданат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Адахан Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Мадумаровдун пикиринде, БШК 3-сентбярдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы техникалык ката кетиргени үчүн гана ойдон чыгарылган токтомго добуш берип, партияны шайлоодон четтетти. Бул «саясий чечим» болуп калды.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездде мыйзам бузганы жүйөө келтирилди.

«Биз Жогорку сотко кайрылабыз. Ага чейин Боршайком бизге тийиштүү болгон бардык документтерди кайтарышы керек. Азыр бизге «аз эле жерден ката кетирип койгонуңар үчүн шайлоого катышпай калдыңар» деген сөздөр айтылып жатат. Ошол үчүн көп суроолорго биз сотто мүмкүн жооп алабыз», -дейт Мадумаров.

Ал ошондой эле Москвада жашаган кыргызстандыктар партиянын шайлоодон четтетилишине каршы экенин билдирди.

«Алар, эгер биздин өлкө укуктарыбызды коргобосо, биз өз укугубузду өзүбүз коргогонго чечкиндүү түрдө барабыз деп жатышат. Эгер бизди колдогон эл ушундай кадамга барса, аларды токтотууга биздин моралдык укугубуз да жок. Эми эл кандай чечсе, биз алар тарапта болобуз», -деп айтты Мадумаров.

Партия азырынча БШКнын чечимин колуна ала элек. Чечим колго тиери менен сотко кайрылмакчы.