Сегиз адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы: каза болгондордун өздүгү такталды

Автор -
243

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 4-сентябрда саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде 8 адам жол кырсыгынан каза тапканын билдирген. Маалыматта, «Ауди А6» унаасы менен ХОВО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөнү айтылган.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматынын алдын ала маалыматына ылайык, каза болгондор Атай айылынан Казарман айылына куран окутууга бара жатышкан. Мекемеден каза болгондордун аты-жөнү, жашы белгилүү болгонун билдиришти.

Каза болгондор:

1943-жылы туулган Т.И. (аял киши) — жүргүнчү;

1956-жылы туулган Б.Б. (аял киши) — жүргүнчү;

1962-жылы туулган Б.М. (аял киши) — жүргүнчү;

1962-жылы туулган М.Б. (эркек киши) — айдоочу;

1963-жылы туулган О.Г. (аял киши) — жүргүнчү;

1965-жылы туулган О.У. (эркек киши) — жүргүнчү;

1967-жылы туулган К.К. (аял киши) — жүргүнчү;

2012-жылы туулган К.Э. — жүргүнчү.

Ал эми ХОВО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1993-жылы туулган Ж.Б. экени белгилүү болду. Ал эч кандай жаракат алган эмес.