Өкмөт сасык тумоого каршы 700 миң доза вакцина сатып алат

Автор -

Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү брифинг учурунда өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал толугу менен жакшырып кетти деп айтууга азырынча эрте экенин билдирди. Андыктан, коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кабыл алынган алгоритмдерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөрүн белгиледи.

Ошол эле учурда өкмөттөн жаз, күз мезгилинде каптоочу сасык тумоодон алдын алуу үчүн 21-августта гриппке каршы вакцина сатып алуу максатында 221 миллион 500 миң сомго буйрук чыгарылганын маалымдады. Бул каражатка 700 миң доза вакцина сатып алынат. Биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу катмарлары жана дарыгерлер эмделет.

 

Бөлүшүү