Айрым кыргызстандыктарга Россияга кирүүгө уруксат берилди

Автор -

Кыргызстан башка мамлекеттер менен авиа каттамдарды этап-этабы менен калыбына келтирип жатат. Бул туурасында КР премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, 21-августта Кыргызстан 32 өлкөгө жарандарына эшигин ачты. Сентябрь ичинде эле Россия менен 20 рейс аткарылды.

Учурда бир катар жарандарыбызга Россияга кирүүгө уруксат берилди:
— Россиянын жарандыгы барларга;
— Россияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө);
— медициналык жардамга муктаждарга;
— жакын туугандары каза болсо;
— бейтапты караган адамдарга;
— спортчуларга ж.б.

«Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, буюрса, бул чектөөлөр да жакында алынат. Ал эми студенттерге Россияга кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Россия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат», — деди Боронов.

Бөлүшүү