Чүй облусунун Аламүдүн районунда унаа менен каналга түшүп кеткен жарандардын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан бүгүн, 9-сентябрда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 8-сентябрда саат 21:10 чамасында Дачное айылындагы ГЭС-5 көлмөсүнө «Ниссан Сефиро» үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаада 1989-жылы туулган эркек киши жана 1984-жылы туулган аял киши болгон.
«Издөө иштерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, саат 10:35те унааны суудан чыгарышып, каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти», — дешти мекеменин басма сөз кызматынан.