Акыркы суткада коронавирустун жаңы 87 учуру катталып, оорудан Талас облусунун бир тургуну каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек — 27
- Ош – 2
- Чүй облусу – 8
- Ош облусу — 11
- Талас облусу — 2
- Ысык-Көл облусу – 7
- Жалал-Абад облусу – 13
- Баткен облусу — 17.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44 миң 613кө жетти. Алардын 40 миң 336сы айыгып чыкты. Учурда стационарда 535 бейтап, үй шартында 2373 бейтап дарыланууда. 1063 адам илдеттен каза тапты.






























