Коронавирустан айыккандардын катары 178 кишиге көбөйдү

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 178 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар төмөнкү аймактардан:

  • Бишкек – 88;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 15;
  • Нарын облусу – 2;
  • Талас облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 26.

Бардыгы болуп коронавирустук инфекциядан өлкөдо 40 миң 336 адам сакайып чыкты.