Сот Михаил Ефремовду 8 жылга кести

Автор -

Москванын Пресненск райондук соту 8-сентябрда актёр Михаил Ефремовду адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына күнөөлүү деп таап, аны сегиз жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле маркумдун жакындарына 800 миң рубль кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди. Сот өкүмү күчүнө киргенге чейин актёр камакта болот, буга чейин ал үй камагында жүргөн эле.

Буга чейинки сот жараянында Ефремов өзү да айыбын мойнуна алган жана прокурорлор аны 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришкен.

Прокурорлор кырсык учурунда актёр мас абалында, баңгизат чегип алганын, уруксат берилген ылдамдыктан ашырып айдаганын, ошондон улам машинесин башкара албай калганын айтышкан. Ефремов буга чейин үй камагына алынып, анын мөөнөтү кийинки жылдын 22-январына чейин узартылган.

Адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы быйыл 8-июнда Москвада болгон. Тергөөнүн версиясына караганда, актёр ичкилик ичип алып рулда баратканда жолдун каршы тарабына чыгып кеткен жана чакан фургонду сүзгөн. Кырсыкта фургондун айдоочусу Сергей Захаров көз жумган.

Орусиянын эмгек сиңирген артисти Ефремов театрдагы жана кинодогу ролдорунан тышкары көпчүлүккө сатиралык долбоорлор менен таанылган.

Бөлүшүү