Японияда беткапсыз жүргүнчүнүн айынан учак кайра конууга аргасыз болду

Автор -

Японияда Peach Aviation авиакомпаниясынын учагы жүргүнчүлөрдүн бири коронавирус пандемиясы учурундагы учуу эрежелерин сактоодон баш тартканы үчүн кайра конууга аргасыз болду. Бул тууралуу gazeta.ru. жазды.

Каттам 124 жүргүнчүсү менен Осака шаарына бараткан. Беткапсыз жүргүнчүнү байкаган борт коштоочулар андан беткап кийип алууну өтүнүшкөн, бирок эркек киши баш тарткан.

Мындан улам учкуч Ниигата шаарынын аэропортуна конуп, эреже бузган адамды учактан түшүрүп салышкан.