Бишкектеги инфекциялык оорукананын курулуш иштери ушул айдын аягында бүтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуп жаткан жаңы корпусунун ички жана тышкы дубалдарын каптоо жана чатырын жабуу боюнча иштер жүрүүдө. Оорукананын жаңы корпусу сегиз баллдык жер титирөөгө ылайыкталган катуу темир каркастан курулуп жатат. Дубалдын тышкы бөлүгү ар кандай материалдардын бир нече катмарынан турат. Оорукана бардык курулуш жана санитардык талаптарга жооп берет», — деп жазылган билдирүүдө.
Бул оорукананын курулуш иши июль айында башталган.