Улуттук банк доллардын курсун түшүрүү үчүн интервенция жасады

Автор -

Кыргызстандын Улуттук банкы акыркы эки айда биринчи жолу интервенция жасады. Буга АКШ долларынын кескин кымбаттап кеткени себеп болду. Банк валюта рыногуна 9-сентябрда 6 млн 600 миң долларды сатыкка чыгарды.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери он жолу интервенция жасап, жалпы 227,4 млн доллар саткан.

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу быйыл март айында кымбаттаган.

10-сентябрга карата Улуттук банктын расмий курсу 79 сом 8 тыйын болду. Акча алмаштыруу жайларында 1 доллар кыргыз сомуна карата 78-79 сомдун тегерегинде болууда.

Бөлүшүү