Ибраева: Коронавирусту дарылоонун жаңы протоколуна 80 дары киргизилди

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева 10-сентябрда коронавирусту дарылоо боюнча 4-протоколдун үчүнчүсүнөн айырмачылыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, бул протоколдо пневмониянын коду бекитилди – U07.2. Андан тышкары ооруканада жана үйдө дарылоо деп экиге бөлүндү. Ошондой эле бейтаптарга декстаметазон сыяктуу дарыларды консилиумдун чечими менен гана  колдонуу чечими чыкты.

«Төмөнкү алгоритмдер иштелип чыкты:
1. Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоо боюнча;
2. Балдарды дарылоо боюнча;
3. Кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн алгоритм;
4. Амбулатордук дарылоо боюнча;
5. Кайра калыбына келтирүү (реабилитация) программасы», — деди Ибраева.

Коронавирусту дарылоо боюнча 3-протоколдо 56 дары-дармек бар болсо, жаңы протоколдо анын тизмеси 80ге жетти.

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча расмий протокол март айынан бери төрт жолу өзгөрдү. Акыркысы сентябрь айынан бери колдонула баштады.

Бөлүшүү