Россияда коронавирустан бир суткада 128 адам каза болду

Автор -

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 363 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 128 адам каза болсо, 5 миң 915 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында — 695 (айыккандар 1434);
Санкт-Петербург шаарында — 215 (айыккандар 112);
Москва облусунда — 169 (айыккандар 122);
Нижегород облусунда — 153 (айыккандар 191) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 46 миң 370 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 18 миң 263ү каза болсо, 862 миң 373ү айыгып чыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү