Айып короосундагы унааларды уурдоого аткаминердин уулу шектелүүдө

Автор -

Айып короосуна токтотулган эки унааны уурдоого шектелип, аткаминердин баласы кармалды. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-сентябрда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысынын уулу Аброр Сабиров аткезчилик менен алып келинип, айып аянтчасына токтотулган унааны уурдоого шектелип кармалган. Аталган агенттикти учурда Шухрат Сабиров жетектейт.

8-сентябрда Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы айып аянтчасына коюлган эки унаа уурдалганын кабарлаган.

Мекеменин маалыматы боюнча, 3-сентябрь күнү «ДАФ» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын жүк бөлүгүндө «Тойота Альфард» жана «Хонда Элюзион» үлгүсүндөгү оң рулдуу унаалар аныкталган. Алар документтерде унаа тетиктери катары көрсөтүлгөн.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 230-беренесинин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынган.

Кийинки күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган унаалар текшерилип, далил буюм катары Чүй облусунун Люксембург айылындагы айып аянтчасына коюлган.

7-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар ал унааларды айып аянтчасынан уурдап кетишкен. Буга байланыштуу Ысык-Ата райондук милициясы сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү