11-сентябрь. 77 адам коронавирус жуктуруп алды, каза болгондор жок

Автор -

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус илдетине чалдыккан 77 адам жаңы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Жаңы катталган 77 адамдын эң көбү Баткен облусунда – 19 адам. Бишкекте 17, Жалал-Абад облусунда 13, Ош жана Ысык-Көл облустарында тогуздан, Чүй облусунда беш, Ош шаарында үч жана Талас, Нарын облустарында бирден адам аныкталган.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет бүгүнкү күнгө карата 44 761 адамга жукту, алардын 40 631и айыкты, 1063 бейтап каза болду.

Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 514 бейтап ооруканаларда, 2165 бейтап үйүндө дарыланууда.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Бөлүшүү