Кытайдын Чжухай шаарында катуу жарылуу болуп, 3 адам жабыркады

Автор -

Кытайдын Гуандун провинциясындагы Чжухай шаарындагы мейманкананын жанында катуу жарылуу катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, окуя 11-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:00дө Чжухайдын Доумэнь районунда болгон. Жарылуудан 3 адам жаракат алган. Алар ооруканага жеткирилди.

Кытайдын борбордук телеканалы жарылуу газдан келип чыкканын билдирди. Мейманканага жакын жайгашкан соода дүкөндөрү жана турак үйлөр ар кандай даражада жабыркаган.

Кытай тарап кырсыктан жабыркагандардын арасында чет өлкө жарандары жок экенин билдирди. Окуя болгон жерге 11 өрт өчүрүүчү топ тартылып, издөө-куткаруу иштери уланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү