БШК Сагынбек Абдрахмановдун арызын канааттандырган жок

Автор -

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-сентябрдагы жыйынында Сагынбек Абдрахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Абдрахманов Боршайкомго жазган арызында КСДПнын алты мүчөсүнүн башка партиялардын тизмесинде шайлоого катышып жатканын мыйзамсыз деп эсептеген. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев, Гүлкан Молдобекова, Анвар Артыков, Нурбек Касымбеков аталган. Буга байланыштуу арыздануучу БШКдан аталган саясатчыларды тизмесине киргизген «Мекеним Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Ата Мекен» партияларын өз каталарын жоюуга милдеттендирүүнү  суранган.

БШКнын жумушчу тобу аталган талапкерлер арыздарында бир учурда бир нече партиянын мүчөсү экени тууралуу далилдерди келтирбегендигин, мыйзам саясий партияларга башка партиянын мүчөлөрүн талапкер катары көрсөтүшүнө тыюу салбай турганын, бир адам бир партиянын гана тизмесинде болушу керек деген гана норма бар экенин билдирди.

Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты 27-майдан бери Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Анвар Артыков жетектейт. Июль айында КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясынын аты аталган мүчөлөрүнүн үчөө Анвар Артыковдун атына партиядан чыгуу тууралуу арызын жазышкан.

Сагынбек Абдырахманов жетектеген КСДП шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирок талапкер катары катталган эмес.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда.