Орус-казак чек арасына 3 миңден ашуун кыргызстандык топтолду

Автор -

Орусия менен Казакстандын чек арасында топтолгон жана Орусиянын аймактарынан чек араны көздөй бараткан кыргызстандыктар баштапкы маалымат боюнча 3300гө жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Элчинин эсебинде ара жолдо калгандар Оренбург жана Самара облустарында жана Башкыртостан Республикасынын аймагында топтолгон.

Алар күн сайын кыргыз бийлигине кайрылып, маселени чечүүнү өтүнүп жатышат. Элчи чек араны ачуу тууралуу Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок коңшу өлкө жооп бере электигин билдирген.