Орусияда бир айдан ашык жүргөн мигранттар үчүн ID-карталар киргизилет

Автор -

Орусиянын аймагына жумушчу адамдарды тартуу максатында бардык мигранттардын өздүгүн аныктоо үчүн ID-карталарды киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай жол-жобо Орусиянын аймагында 30 күндөн ашык жүргөн чет элдик жарандар үчүн киргизилет. Жаңы тартип визасыз кире турган өлкөлөрдөн келген мигранттарга, жогорку квалификациялуу жумушчуларга тиешелүү.

«Көптөгөн чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагынан чыгарылгандан кийин мекенине барып, аты-жөнүн, жеке маалыматтарды алмаштырып алып кайра келе беришет. Манжалардагы өзгөчөлүктөрдү эч ким алмаштыра албайт. Ошондуктан Орусия Федерациясынын аймагына 30 күндөн ашык мөөнөткө келген бардык чет элдик жарандар дактилоскопиядан өтүүсү керек», — деп айтылат маалыматта.

Бул мыйзам долбоору 2021-жылы күчүнө кириши мүмкүн экендиги айтылды.

Мындан тышкары жаңы мыйзам долбооруна ылайык, чет элдиктер электрондук патент тапшырып, андан кийин киреше салыгын белгиленген аванс түрүндө төлөшү керектиги белгиленген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү