Өзгөндө офицер өзүн бутка атып алган

Автор -

Өзгөн районунда Аба коргонуу күчтөрүнүн офицеринин бутуна ок тийди. Бул тууралуу өздүк маалымат булактарына таянып, 24.kg агенттиги билдирди.

Кечээ кечинде ага лейтенант райондук ооруканага жеткирилген.

Башкы штабда маалыматты ырасташты. Алардын айтымында, офицер куралды тапшырып жатып, кокустан бутуна ок атып алган.

«Ал дароо ооруканага жеткирилди. Абалы жакшы, ок этине гана тийген», — дейт Башкы штаб.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү