Икрамжан Илмиянов ооруканада дарыланууда

Автор -

Мурунку президенттин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ооруканада дарыланууда. Бул туурасында бүгүн, 21-сентябрда ЖАМКтын басма сөз кызматына таянып, АКИpress жазды.

«Ал Бишкекте кардиология бөлүмүндө дарыланып жатат», — дешкен мекемеден.

Буга чейин Октябрь райсоту Илмияновду «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыраткан жана 160 миң сом айып салган.

Кийин Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарып, Илмияновго карата мунапыс колдонгон. Мурунку аткаминер 5,5 жылга кесилип, мүлкү конфискацияланып, 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынган.

ЖАМКтын атайын комиссиясынын чечими менен ал жаза мөөнөтүн өтөөгө Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка которулган болчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү