Орусияда бир күндө 6 миң адамдан коронавирус табылды

Автор -

Орусияда акыркы бир сутка ичинде 6 миң 196 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 71 адам каза болсо, 2 миң 616 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында — 915 (айыккандар 988);

Санкт-Петербург шаарында — 209 (айыккандар 105);

Москва облусунда — 193 (айыккандар 169);

Ростов облусунда — 177 (айыккандар 31) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 109 миң 595 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 19 миң 489 адам каза болсо, 911 миң 973 бейтап айыгып чыкты.

Бөлүшүү