Азербайжан Армения менен чек арасында чыккан карама-каршылыктан бир аскеринин өмүрү кыйылганын билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдагандай, окуя Азербайжандын Армения менен чек аралаш Товуз аймагында 21-сентябрда шашке маалында болгон.
Расмий Баку кичи сержанттын өлүмүн «чагым» деп мүнөздөгөнү менен чек арада кандай окуя болгонун так белгилеген жок. Бирок 20-сентябрда Армениянын бир дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Өткөн аптада Армения да ушул эле аймактагы атышуудан жана артиллериялык аткылоодон бир жоокери мерт болгонун кабарлаган. Эки тарап чек арада соңку мезгилде күчөгөн жаңжалдар үчүн бири-бирин айыптап жатат.
Ереван менен Баку Азербайжандан бөлүнүп кеткен, армян жикчилдери көзөмөлдөгөн Тоолуу-Карабак аймагына байланыштуу узактан бери жаңжалдашып келет. Быйыл июль айында чек арадагы дрон чабуулдары жана артиллериялык аткылашуулардан кеминде 17 адам мерт болгон.